2026-жылдын 19-сентябрында Улуттук тазалык күнүнө карата жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт.
Кара-Жыгач айыл өкмөтү айылдын бардык тургундарын айлана-чөйрөнү тазалоого, көчөлөрдүн, коомдук жайлардын жана жалпы пайдалануудагы аймактардын санитардык абалын жакшыртууга багытталган ишембиликке активдүү катышууга чакырат.
Ишембиликтин негизги максаты — айыл аймагында тазалыкты жана иреттүүлүктү камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу жана жашоочуларды жалпы пайдалуу ишке бириктирүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө көчөлөрдү жана коомдук жайларды таштандылардан тазалоо, айлана-чөйрөнү ирээтке келтирүү жана санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт.
Ишембиликтин башталышы: саат 09:00
Чогулуучу жер: Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн имараты
Айылыбыздын тазалыгы жана көрктүүлүгү ар бирибизден башталат.
Бардык тургундарды жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышууга чакырабыз!