Кара-Жыгач айылында тургундарды таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштери туруктуу жүргүзүлүүдө.
Муниципалдык ишкананын кызматкерлери суу менен камсыздоо системасынын үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында тиешелүү иштерди жүргүзүп, суу түтүктөрүнүн абалын көзөмөлдөп турушат.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө суу агып жаткан айрым жерлер аныкталып, көйгөйдү ыкчам чечүү максатында АРИСтин өкүлдөрү менен байланыш түзүлгөн.
2025-жылдын 23-июнунда аныкталган суу агып кетүүлөрдү жоюу, суу түтүктөрүн калыбына келтирүү жана тиешелүү оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча биргелешкен иштер аткарылууда.
Бул иштердин негизги максаты — ичүүчү суунун ысырап болушуна жол бербөө, суу менен камсыздоо системасынын ишенимдүү иштешин камсыз кылуу жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү.
Кара-Жыгач айылында ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси туруктуу көзөмөлдө болуп, муниципалдык ишкананын кызматкерлери тарабынан тиешелүү чаралар өз убагында көрүлүүдө.
Мындай иштер мындан ары да улантылып, суу түтүктөрүндө жаралган көйгөйлөрдү ыкчам аныктоо жана жоюу боюнча тиешелүү кызматтар менен биргелешкен иштер жүргүзүлөт.




