Кара-Жыгач айыл аймагынын Маданият үйүндө Кара-Жыгач айыл өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору менен биргеликте уюштурулган «Пенсиялык сабаттуулук» темасында маалымат берүүчү окуу семинары өткөрүлдү.
Иш-чарага айыл аймагынын 86 тургуну катышты.
Семинардын жүрүшүндө КР Социалдык фондунун Окуу борборунун өкүлдөрү жарандардын бардык категориялары үчүн пенсиялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөр, пенсиялык камсыздандыруу жана келечектеги пенсияга байланыштуу маанилүү маселелер тууралуу кеңири маалымат беришти.
Катышуучулар үчүн көрсөтмөлүү презентация уюштурулуп, жолугушуу ачык баарлашуу форматында өттү. Тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорду түздөн-түз адистерге берип, тиешелүү жоопторду алышты.
Иш-чаранын бардык уюштуруу маселелери Кара-Жыгач айыл өкмөтү тарабынан камсыздалды.
Семинарга жергиликтүү мектептин, «Наристе» жана «Тополек» бала бакчаларынын, «Суу чарбасы» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, ошондой эле Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкери катышты.
Айрыкча жаштардын жана пенсия курагына жакындап калган жарандардын семинарга активдүү катышып, өздөрүнүн пенсиялык келечегине кызыгуу көрсөткөндүгү белгиленди.
КР Социалдык фондунун Окуу борборунун өкүлдөрү иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө ыраазычылык билдиришти.
Мындай маалыматтык жолугушууларды жеринде өткөрүү тургундар үчүн абдан ыңгайлуу болуп, убакытты үнөмдөөгө, керектүү маалыматты түздөн-түз адистерден алууга жана суроолорго бетме-бет жооп алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Кара-Жыгач айыл өкмөтү иш-чарага активдүү катышкан бардык айыл тургундарына терең ыраазычылык билдирет.
Мындай социалдык маанидеги маалыматтык жолугушуулар мындан ары да улантылып, кийинки иш-чараларга айыл тургундары дагы активдүү катышат деген ишеним бар.



