Биздин айылдан Ахметай байке командасы менен барып маарекеде катушуда

WhatsApp Image 2026 10 10 at 13.01.54

Бишкек шаарындагы Эски аянтта Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык жарманке өтүүдө.

Бул маанилүү мааракелик иш-чарага Чүй облусунун райондорунан жана айыл аймактарынан өкүлдөр катышып, өз аймактарынын өзгөчөлүктөрүн, улуттук салт-санаасын, маданиятын жана жетишкендиктерин көрсөтүүдө.

Кара-Жыгач айыл аймагынын атынан да өкүлдөр активдүү катышууда. Айылыбыздан Ахметай байке өзүнүн командасы менен Бишкек шаарына барып, мааракелик иш-чаранын катышуучуларынын катарында Кара-Жыгач айылын татыктуу таанытууда.

Жарманке ар түрдүү улуттук буюмдар, айыл чарба продукциялары, кол өнөрчүлүк, салттуу даамдар жана маданий программалар менен коштолуп, келген конокторго Чүй облусунун бай тарыхын жана маданий мурасын кеңири таанытууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Мындай иш-чаралар айылдар менен райондордун ортосундагы байланышты бекемдеп, жергиликтүү өндүрүштү, улуттук баалуулуктарды жана элдик салттарды жайылтууга чоң өбөлгө түзөт.

Кара-Жыгач айыл өкмөтү мааракелик иш-чарага катышып жаткан айылдаштарыбызга ийгилик каалап, айылыбызды татыктуу таанытып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

Чүй облусунун 100 жылдык мааракеси кут болсун!
Өркүндөп-өсүп, элибиздин ынтымагы жана берекеси арта берсин!

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген