Кара-Жыгач айыл аймагынын Маданият үйүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жүргүзүлгөн жаңылоо жана оңдоо иштери улантылып, мекеменин материалдык-техникалык абалын жакшыртууга багытталган кезектеги иштер толугу менен аяктады.
2026-жылдын 28-июлуна карата Маданият үйүндө терезелерди жана эшиктерди алмаштыруу, ошондой эле жаңы конструкцияларды орнотуу иштери толук бүткөрүлдү.
Жүргүзүлгөн иштер имараттын жылуулук сактоочу касиеттерин жакшыртууга, ички жайлардагы шарттарды ыңгайлуураак кылууга жана Маданият үйүнүн жалпы абалын жакшыртууга багытталган.
Мындан тышкары, буга чейин Кара-Жыгач айыл өкмөтү тарабынан Маданият үйүнүн актовый залында бир катар жаңылоо иштери аткарылган.
Атап айтканда:
- сахнанын пардалары жаңыларына алмаштырылган;
- сахнанын фондук жасалгасы жаңыланган;
- 2025-жылы жарыктандыруучу плафондор толугу менен алмаштырылган;
- электр зымдары жаңыланган;
- электр өчүргүчтөрү алмаштырылган.
Бул иштердин негизги максаты — Маданият үйүнүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатуу, маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап жана талапка жооп берген шарттарды түзүү.
Кара-Жыгач айыл өкмөтү маданият мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу жана калк үчүн сапаттуу маданий шарттарды түзүү багытындагы иштерди мындан ары да улантат.
Маалымат 2026-жылдын 28-июлуна карата.


