2026-жылы Кара-Жыгач айыл өкмөтүндө инфраструктураны жакшыртууга жана калкка көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү иштердин бири ишке ашырылды.
ARIS долбоорунун алкагында ишке ашырылган «Таза суу» подпроектинин негизинде Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө бир катар атайын техникалар алынып келинди.
Коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана айыл аймагында аткарылуучу чарбалык иштерди ыкчам жүргүзүү максатында төмөнкү атайын техникалар тапшырылды:
- экскаватор — жер казуу, суу түтүктөрүн оңдоо жана башка инфраструктуралык иштерди жүргүзүү үчүн;
- ассенизатор — санитардык жана коммуналдык тейлөө иштерин аткаруу үчүн;
- таштанды ташуучу атайын унаа — тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу иштерин жакшыртуу үчүн.
Атайын техникалардын алынып келиниши айыл аймагындагы коммуналдык кызматтардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, иштерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө, ошондой эле калк үчүн ыңгайлуу жана таза жашоо шарттарын түзүүгө өбөлгө болот.
Бул долбоор Кара-Жыгач айыл аймагында коммуналдык инфраструктураны чыңдоого жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Кара-Жыгач айыл өкмөтү мындан ары да калктын жашоо шартын жакшыртууга, инженердик жана коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантат.