Каратал Табалдинов атындагы орто мектептин фасадын жаңылоо долбоору ишке ашырылууда

Снимок экрана 2026 09 22

Кара-Жыгач айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү коомдук фондуна сунушталган долбоор колдоо таап, Каратал Табалдинов атындагы орто мектептин үч корпусунун сырткы фасадын жаңылоо иштерине каржылоо бөлүнгөн.

Негизги текст:

Кара-Жыгач айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан «Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү фонду» коомдук фондуна Каратал Табалдинов атындагы орто мектептин сырткы фасадын жаңылоо боюнча долбоор сунушталган.

Долбоор тиешелүү кароодон өтүп, жактырылгандан кийин Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүү коомдук фонду тарабынан мектеп имаратынын фасаддык бөлүгүн жаңылоо иштерине каржылоо бөлүнгөн.

Курулуш-оңдоо иштери 2026-жылдын 17-августунда башталган.

Долбоордун алкагында Каратал Табалдинов атындагы орто мектептин үч корпусунун тең сырткы фасаддары толугу менен жаңыланат.

Фасадды оңдоо иштеринде имараттар төмөнкү технологиялар менен жаңыланат:

  • фасаддык бөлүктөрдү жылуулоо;
  • отко туруктуу материалдарды колдонуу;
  • нымга чыдамдуу базальт таш кебез менен жылуулоо;
  • пайдалануу мөөнөтү 50 жылга чейин болгон материалдарды колдонуу;
  • сырткы декоративдик катмарларды түшүрүү;
  • фасадды сырдоо жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу.

Аталган иштер мектеп имаратынын сырткы көрүнүшүн гана жакшыртпастан, анын жылуулук сактоочу касиеттерин жогорулатууга, имараттарды нымдан жана температуранын өзгөрүшүнөн коргоого, ошондой эле пайдалануу мөөнөтүн узартууга багытталган.

Долбоордун ишке ашырылышы окуучулар жана мектеп кызматкерлери үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, ошондой эле билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Маалымат 2026-жылдын 22-августуна карата.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген