АЧЫК АЯНТТА КУРГАК ЧӨПТҮН ӨРТТӨНҮҮСҮН АЛДЫН АЛЫҢЫЗ!

4530b0f2 1be3 4516 b3a3 367cb96d4d4b

Акыркы убактарда Кыргызстандын талаа, токой жана тоолуу аймактарында кургак чөптөн чыккан өрт кырсыктары байма-бай катталууда.

Мындай өрттөр жаратылышка, мал-жандыктарга, турак жайларга жана эң негизгиси — адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн.

Көпчүлүк учурларда өрт адамдардын этиятсыздыгынан, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан же ачык от менен туура эмес мамиле жасоодон улам келип чыгат.

Ошондуктан ар бир жаран жөнөкөй, бирок өтө маанилүү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого милдеттүү.

Тилсиз жоонун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактаңыз:

✅ Ачык аянттарда от жакпаңыз.
Талаада, токойдо жана тоолуу аймактарда костёр жагуудан, чылым чегүүдөн жана башка ачык от колдонулган аракеттерден баш тартуу зарыл.

✅ Чылымдын калдыгын толук өчүрүңүз.
Өчүрүлбөгөн чылымды же ширеңкени жерге таштабаңыз. Аларды толугу менен өчүрүп, атайын таштанды салынуучу жайга салыңыз.

✅ Кургак чөптү өрттөп тазалоого тыюу салынат.
Кургак чөптү, жалбырактарды жана башка өсүмдүк калдыктарын өрттөө чоң өрттүн чыгышына алып келиши мүмкүн.

✅ Айнек жана бөтөлкө калдыктарын туш келди таштабаңыз.
Күн нуру айнек аркылуу чагылышып, кургак чөптүн тутанышына себеп болушу мүмкүн.

✅ Балдарды көзөмөлсүз калтырбаңыз.
Балдарга өрт коопсуздугунун эрежелерин түшүндүрүп, ширеңке, зажигалка жана башка күйүүчү заттарды алардын колу жетпеген жерде сактоо зарыл.

✅ Автоунаа жана айыл чарба техникаларын көзөмөлдөңүз.
Унааларды жана техникаларды куураган чөптүн үстүнө же жанына токтотпоңуз. Кыймылдаткычтын жана түтүктүн ысык бөлүктөрү кургак чөптү тутандырышы мүмкүн.

✅ Тез күйүүчү заттарды жаратылышта чачпаңыз.
Өрт коркунучу жогору болгон мезгилде бензин, күйүүчү май жана башка тез күйүүчү суюктуктар менен өзгөчө этият болуңуз.

✅ Өрт чыккан учурда убакытты текке кетирбеңиз.
Дароо 101 же 112 бирдиктүү номерине байланышып, өрт чыккан жер тууралуу мүмкүн болушунча так маалымат бериңиз.

Урматтуу жарандар!
Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Бир адамдын этиятсыздыгы чоң аймактагы жаратылышка, мүлккө жана адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн.

Өзүңүздүн жана айланаңыздагылардын коопсуздугу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактаңыз!

КР ӨКМнин Аламүдүн району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген